Азия оюндары: балбан Жоломан Шаршенбеков алтын медаль уттуСадыр Жапаров Илон Масктын SpaceX компаниясынын Калифорниядагы өндүрүштүк комплексине бардыБишкектин Жукеев-Пудовкин көчөсүндө 3-октябрда унаа кыймылы убактылуу чектелетКыргызстанда мамлекеттик органдардын ички аудитин күчөтүү сунушталууда«Бишкек Арена» стадионунун ачылышына карата шаарда акысыз автобус каттамдары уюштурулатЖККУда нацизмдин кылмыштары тууралуу тарыхый чындыкты коргоого чакырышты
БШК Өзгөн мэриясынын короосундагы штаб боюнча текшерет
11.11.2021 | 17:53
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Маматов Ыдырыс Исаковдун “Ютуб” каналында жарыяланган “Өзгөн мэриясынын короосунда талапкер Элмурза Сатыбалдиевдин штабы” жөнүндө маалымат текшерилерин “Азаттык” радиосуна билдирген.
“Ал видеону көрүп чыгалы. Бузуу болсо чара көрүлөт. Негизи талапкерлерге мамлекеттик имараттардын жанынан штаб ачпоого чакырганбыз”, – деген Маматов.
Эркин журналист Ыдырыс Исаковдун “Ютуб” каналында жарыяланган видеодо мэрия өкүлү мамлекеттик имараттын короосундагы кеңсе ижарага берилгенин билдирген.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат