Нурсултан Назарбаев тополоңдон кийин элге кайрылды (ВИДЕО)

Нурсултан Назарбаев тополоңдон кийин элге кайрылды (ВИДЕО)

Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев өлкөсүндө болуп өткөн тополоңдон соң алгач ирет кайрылып, айланасында айтылып жаткан ушактар боюнча да айтып өттү. Бул кайрылуусу elbasy.kz аттуу өзүнүн расмий сайтына жарыяланды.

Январь окуясы бүткүл Казакстанды дүрбөлөңгө салды. Бул уюшкан баш аламандыктардын жана Казакстанга кол салуулардын максаты өлкөнүн бүтүндүгүн, мамлекеттин пайдубалын бузуу болгон.
Бул окуялар эгемендүүлүктү көздүн карегиндей, өзгөчө кылдат мамилени талап кылган морт идиштей бапестеп багуу керектигин дагы бир жолу көрсөтүп турат.
Болгон кырсык баарыбызга сабак болду. Бул адам өлтүрүүлөрдүн баарын ким уюштурганын аныктоо керек. Бул суроого тергөө жооп берет.
Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам жана жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм.
Мага келген көптөгөн кайрылууларга жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган макалаларга байланыштуу, мен 2019-жылы президенттин ыйгарым укуктарын Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп бергенимди жана андан бери пенсионер болгонумду, азыр Казакстандын борборунда татыктуу эс алып, эч жакка кеткеним жок.
Президент Касым-Жомарт Токаев толук бийликке ээ. Ал Коопсуздук кеңешинин төрагасы. Жакында президент “Нур Отан” партиясынын төрагалыгына шайланат. Демек, элитада эч кандай конфликт, тирешүү жок. Бул темадагы ушактар таптакыр негизсиз” – деди Назарбаев.

«Назарбаевди Кыргызстан аркылуу Дубайга учуп кетти»- деген да маалыматтар тараган. Орусиялык саясатчы Владимир Жириновский Назарбаевдин каза болуп калганын жарыялаганы бар.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>