Бишкек шаарында кайрадан эле эски ыкма менен акча тараткандар болуп жатыптыр. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев парламентте билдирди.
“Буга чейин шайлоолордун жакшы өткөнүнө күбө болдук эле. Айрым талапкерлер эски ыкма менен баягыдай эле акча таратып жатыптыр. Элден ушундай даттануулар келип жатат. Ушуну көзөмөл кылып, шайлоону таза өткөрөлү” – деди депутат.
Бирок, кайсы талапкерлер тарабынан акча таратылып жатканы туурасында маалыматты ачыктаган жок.