«Ынтымак» Акыйкатчылыкка Абдрахматованын талапкерлигин көрсөттү

«Ынтымак» Акыйкатчылыкка Абдрахматованын талапкерлигин көрсөттү

“Ынтымак”  фракциясы Акыйкатчы кызмат ордуна Атыр Абдрахматованын талапкерлигин көрсөтүп, бир добуштан колдоого алды. Бул кызматта ал өзүнүн эң мыкты кесипкөйлүк сапаттарын көрсөтөрүнө ишенебиз. Бул туурасында Жогорку Кеңештин “Ынтымак” фракциясынын депутаты Балбак Түлөбаев билдирди.

Анын айтуусунда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, парламенттик фракция Акыйкатчысы кызмат ордуна 3 талапкер көрсөтүүгө укуктуу. Бирок бул маселени кароодо биз, фракциянын бардык депутаттары Атыр Абдрахматовага мүмкүнчүлүк берип, колдоо чечимин кабыл алдык.

“Эгерде Акыйкатчы кызматына татыктуу талапкер бизге кайрыла турган болсо, фракция алардын талапкерлигин карап чыгууга даяр, себеби атаандаштык негизинде татыктуулар иргелип чыгары анык. Биз ар дайым демократиялык принциптерди жана айкындуулукту жактайбыз”- деп кошумчалады.

Буга чейин аталган фракция Акыйкатчылыкка Турсунбек Акундун талапкерлигин көрсөткөн болчу.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>