Asman Airlines кытайлык COMAC C909 жана C919 үлгүсүндөгү самолетторду сатып алууну караштырууда

25.09.2026 | 09:42
Asman Airlines рассматривает покупку китайских самолетов COMAC C909 и C919 — Новости Кыргызстана

«Asman Airlines» авиакомпаниясы жана Commercial Aircraft Corporation of China Ltd. (COMAC) жарандык авиацияны өнүктүрүү чөйрөсүндөгү кызматташтыкты бекемдеп, биргелешкен иштин жаңы келечектүү багыттарын талкуулашууда. Бул тууралуу Asman Airlines билдирди.

Тараптар мындан аркы өз ара аракеттенүү боюнча түшүнүшүүгө жетишишти, анын негизги багыттарынын бири Asman Airlines тарабынан COMAC өндүргөн заманбап аба кемелерин — C909 жана C919 үлгүлөрүн сатып алуу мүмкүнчүлүгүн изилдөө болуп саналат.

Кызматташтыктын алкагында COMAC авиакомпанияга C909 жана C919 аба кемелери боюнча зарыл болгон техникалык жана коммерциялык маалыматтарды берет. Тараптар Asman Airlines компаниясынын учурдагы жана келечектеги каттамдар тармагын эске алуу менен аларды эксплуатациялоонун натыйжалуулугуна биргелешкен экономикалык эсептөөлөрдү жүргүзүүнү пландаштырууда.

Мындан аркы иштердин маанилүү бөлүгү учууга жарамдуулук жаатында өз ара аракеттенүү жана КР Министрлер кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги менен биргеликте Кыргыз Республикасында COMAC аба кемелеринин үлгүлөрүнүн сертификаттарын валидациялоо (тастыктоо) процессине көмөктөшүү болот.

Ошондой эле Asman Airlines өкүлдөрү Шанхай шаарындагы COMAC компаниясынын өндүрүштүк кубаттуулуктарына барышып, ал жерден самолетторду чыгаруу процесси менен таанышып, кызматташтыктын мындан аркы багыттары боюнча предметтик сүйлөшүүлөрдү жүргүзө алышат.

Теги: Asman Airlines
Scroll to Top