Кыргызстанда экологиялык жылытуучу жабдууларды сатып алууга жеңилдетилген насыя берилүүдө

24.09.2026 | 15:08
Экологиялык жылытуучу жабдууларды сатып алууга жеңилдетилген насыя берилүүдө — Новости Кыргызстана

Кыргызстанда экологиялык жылытуучу жабдууларды сатып алуу жана орнотуу үчүн жылдык 6 пайыз менен жеңилдетилген мамлекеттик насыя берилүүдө. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, «Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу» долбоорунун алкагында каржылоо 1 миллион сомго чейин, беш жылга чейинки мөөнөткө каралган.

Бул каражат жылуулук насосторун, генераторлорду жана экологиялык энергия булактарынын негизинде иштеген жабдууларды сатып алууга, орнотууга, ошондой эле ага байланыштуу чыгымдарга жумшалат. Насыяны долбоордун өнөктөш банктары — «Элдик Банк», «Айыл Банк» жана «Бакай Банк» аркылуу алууга болот.

Буга байланыштуу Бишкек шаарында жарандар менен маалыматтык жолугушуу өтүп, насыя берүүнүн шарттары талкууланган. Тургундарга жабдуулардын баасы, орнотуу жана техникалык тейлөө эрежелери, ошондой эле электр энергиясын берүүдө чектөөлөр болгон учурда жылуулук насосторунун иштөө тартиби тууралуу маалымат берилген.

Иш-чарага Финансы министрлигинин, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин өкүлдөрү жана жабдууларды жеткирүүчү компаниялар катышкан.

Scroll to Top