Унааларга өтүүгө болбойт! Бишкек — Нарын — Торугарт жолу бир тараптуу ачылды

Унааларга өтүүгө болбойт! Бишкек — Нарын — Торугарт жолу бир тараптуу ачылды

Унаалардын бардык түрүнө чектөө алына элек. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

18-март күнү түнкү саат 24:00 карата ыкчам маалымат боюнча, Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунда тынымсыз тазалоо иштерин жүргүзүүнүн натыйжасында Кочкор тарабынан түшкөн кар көчкүнүн болжолдуу 48 000 м3 кар көчкүсү тазаланып, бир тараптуу унаа жолу ачылды. Бирок, унаалар азырынча өтпөйт

Учурда унаа жолду кеңейтүү иштери аткарылууда. Ал эми Нарын тарабына түшкөн көчкүнүн болжолдуу 32 300 м3 көлөмү тазаланып, жалпы жонунан болжол менен 80 300 м3 кар тазаланды.

Кар көчкүнү тазалоо иштерине 12 погрузчик, 1 кар түртүүчү унаасы, 3 эксковатор тартылып, кошумча облустук суу чарба башкармалыгынан 1 бульдозер жеткирилди.

Жеринде 25 куткаруучудан турган ыкчам топ Жарандык коргонуу кызматтары менен биргеликте иш алып барууда.

Ал эми Кочкор районунун Сары-Булак айылында жана Нарын районунун Оттук айылында жылытуу пунктары уюштурулуп, турак жайларга жаткырылган жарандарга, иштеп жаткан кызматкерлерге, унаа каттамындагы топтолгон жүргүнчүлөргө жалпысы 217 жаранга айыл аймагындагы жергиликтүү администрация жана Кызыл жарым ай коому тарабынан ысык тамак уюштурулуп берилүүдө. Ал эми жылытуу пунктарына жалпы 98 жаран жайгаштырылды.

УРМАТТУУ ЖАРАНДАР! Жаап жаткан жамгырга жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу зарылчылык жок болсо, алыскы жолго чыгуудан баш тартууга чакырабыз.

Кырсык катталган учурда 112 номерине байланышыңыз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү иштейт.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>