Бишкек: Дүкөндөрдө матрезервден кумшекер жана май сатыла баштады. Даректер

Бишкек: Дүкөндөрдө матрезервден кумшекер жана май сатыла баштады. Даректер

Бишкек шаардык мэриясы Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунан алынган кумшекер менен май кайсы дүкөндөрдө сатыла баштаганын айтып берди.

Мэриянын басма сөз кызматы белгилегендей, борбор калаанын көп конуштарында ири гипермаркеттер жок болгондуктан, чакан дүкөндөрдө продукция сатуу чечими кабыл алынган.

Фонддун каражаттарынан борборго 200 тонна кант жана 80 тонна май бөлүнгөн. Шекер килограммы 70 сомдон, майдын литри 130 сомдон сатылат.

Дүкөндөрдүн даректери:  

• Биринчи Май району: «Азим» (Васильева көч., 256), «Ксения» (Коммунаров көчөсү, 95/1) жана «Джой» (Республика көчөсү, 178а);

• Ленин району: «Кут-37» («Джал-23» кичирайону, 37-үйдүн жанында) жана «Джал-29» кичи районундагы 12-үйдө;

• Октябрь району: Теңир-Тоо (Ахунбаев/Жеңи-Жок көчөсү), Айдана (Анкара көчөсү, 38), Садык (Армейская көчөсү, 122), Ондош-Ата (Дордой/Кара-Жыгач көчөсү);

• Свердлов району: «Дордой Моторс» базары, б-31 контейнери.

Мэриядан кошумчалашкандай, жакынкы аралыкта товарлар борбордун башка жактарында  да сатылат.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>