Кыргызстанда ишке орноштуруу агенттиктеринин кызматын акысыз кылуу сунушталууда

Кыргызстанда жарандарды ишке орноштуруу менен алектенген жеке компаниялардын жана жактардын ишин биринчи жолу комплекстүү түрдө жөнгө салууга багытталган «Жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктери жөнүндө» мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин бул документи лицензиялоону, атайын реестр түзүүнү жана жумуш издеген жарандардан акы алууга тыюу салууну карайт.
Маалымкат-негиздемеде айтылгандай, учурда жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктеринин ишмердүүлүгү өзүнчө мыйзам менен жөнгө салынбайт. Алардын айрымдары жарандардан ишке орноштуруу үчүн акча алышат, ал эми рынокто эч кандай каттоосу жана көзөмөлү жок уюмдар менен жеке адамдар иштеп жатат.
Мыйзам долбоорун иштеп чыккандардын пикиринде, бул көрүнүш эмгектик эксплуатацияга, мыйзамсыз миграцияга жана адам сатууга тобокелдиктерди жаратат.
Негизги өзгөртүүлөрдүн бири — жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктерине ишке орношууга көмөктөшкөндүгү, жумуш издеп, тандап бергендиги үчүн жумуш издегендерден жана кызматкерлерден гонорар, комиссия, жыйым же башка төлөмдөрдү алууга тыюу салуу. Агенттиктин кызматы үчүн акыны иш берүүчү төлөшү керек болот.
Айрым кошумча кызмат көрсөтүүлөр үчүн, мисалы, резюме түзүү, кесиптик багыт берүү же квалификацияны жогорулатуу сыяктуу учурларда өзгөчөлүктөр киргизилиши мүмкүн. Бирок мындай чечимдер иш берүүчүлөрдүн бирикмелери жана кесиптик кошуундар менен кеңешкенден кийин кабыл алынышы керек жана калктын аялуу катмары үчүн каржылык тоскоолдуктарды жаратпоого тийиш.
Мыйзам долбоору агенттиктерге коюлган талаптарды алар жумушка кайда орноштурганына жараша бөлөт. Кыргызстандын жарандарын чет өлкөгө ишке жөнөтүү жана чет өлкөлүктөрдү республикада ишке орноштуруу үчүн беш жылдык мөөнөткө лицензия талап кылынат.
Ал эми Кыргызстандын ичиндеги иш берүүчүлөр үчүн кызматкерлерди тандап берген агенттиктерге лицензия талап кылынбайт, бирок алар атайын реестрге катталып, ар бир чейрек сайын өз ишмердиги боюнча отчет берип турушу зарыл.
Кыргызстандыктарды чет өлкөгө ишке орноштурууга лицензия алуу үчүн юридикалык жактын уставдык капиталындагы Кыргызстандын жарандарынын үлүшү 85%дан кем эмес болушу керек. Мындай лицензияны жеке жак — КР жараны да ала алат.
Агенттиктердин жетекчилерине билими, соттолбогондугу жана мыйзам бузууларынын жоктугу боюнча талаптарды белгилөө сунушталууда.
Мындан тышкары, кыргызстандыктарды чет өлкөгө ишке жөнөткөн агенттиктер банктык депозиттик эсепке кепилдик төгүмүн салууга милдеттүү болот. Анын өлчөмүн жана пайдалануу тартибин Министрлер кабинети аныктайт.
Негиздеме-маалымкатта бул резервди форс-мажордук жагдайларда, анын ичинде келишим мөөнөтүнөн мурда бузулган учурда кызматкерге кайтуу билетин сатып алууга, ошондой эле «200-жүк» жана «300-жүктү» ташууга колдонуу сунушталып жатканы такталган.
Агенттиктердин бардык кызмат көрсөтүүлөрү жазуу жүзүндөгү келишим менен таризделиши керек. Анда кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси жана мөөнөттөрү, төлөм шарттары, тараптардын укуктары менен милдеттери, жоопкерчилиги, келишимди бузуу жана каражаттарды кайтарып берүү тартиби, ошондой эле агенттиктин лицензиясы же реестрдеги каттоосу жөнүндө маалыматтар көрсөтүлүшү зарыл.
Чет өлкөгө иштегени чыгып жаткан кыргызстандыктарга агенттик ошондой эле алардын укуктары бузулган учурда кайрыла алышы үчүн агенттиктин өзүнүн, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн байланыш маалыматтары жазылган жазуу жүзүндөгү билдирмени бериши керек.
Тиешелүү лицензиясы жок иштегендиги үчүн жоопкерчилик каралган. Мыйзам бузуулар болгон учурда лицензиянын аракети үч айга чейинки мөөнөткө токтотулушу же кайтарылып алынышы мүмкүн.
Долбоордун авторлору жаңы талаптар иштеп жаткан жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктеринин санын убактылуу кыскартышы жана алардан кошумча чыгашаларды талап кылышы мүмкүн экенин белгилешет. Ошол эле учурда мындай жөнгө салуу рыноктун бир бөлүгүн көмүскөдөн чыгарууга, жарандардын жумуш издөөдөгү чыгымдарын азайтууга жана эмгек укуктарын коргоону күчөтүүгө мүмкүндүк берери күтүлүүдө.
Мыйзам кабыл алынса, расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Ал эми Министрлер кабинетине өзүнүн ченемдик укуктук актыларын жаңы мыйзамга шайкеш келтирүү үчүн алты айлык мөөнөт берилет.
Анара Мамытова