Бишкекте окуучу кыз өзүнүн мектебине бомба коюлганы тууралуу жалган билдирүү таратканНовосибирск – Бишкек рейсинин жүргүнчүлөрү жардыргыч кабарынан улам чыгарылдыЧүй облусунда үшүк жүрүшү күтүлүүдө: милиция айдоочуларга эскертүү бердиКыргызстан менен Тажикстандын Улуттук банктары төлөм системаларын талкуулаштыBITEVOLUTION: Бишкекте каржы пирамидасын уюштурууга шектелген жаран кармалдыКыргыз жаштарынын шайлоо сабаттуулугу боюнча долбоору Германияда кызыгуу жаратты
«Бишкекгаз» 5–7-октябрда Бишкектин ири аймагында газды өчүрөт
02.10.2026 | 14:58

«Бишкекгаз» газ кызматы орто басымдагы жер алдындагы газ түтүгүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 5–7-октябрь күндөрү жаратылыш газын берүү убактылуу токтотуларын эскертти.
Газ берүү төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакта өчүрүлөт: Лермонтов, Железная дорога, Ленин, Калинин көчөлөрү, Жибек Жолу проспектиси, БЧК, Энергетиктер шаарчасы, Аламүдүн-1 кичирайону, Куруучулар шаарчасы, Учкун кичирайону, Учкун конушу, АГНКС жана «Бишкек Сүт».
«Бишкекгаз» келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, газ өчүрүлгөн мезгилде абоненттерди альтернативдүү энергия булактарына өтүүгө чакырды.
Иштер газ менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылуу максатында жүргүзүлүп жатканы белгиленди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: газ