“Манас айылы” боюнча президенттин иш башкармасы үн катты

“Манас айылы” боюнча президенттин иш башкармасы үн катты

Буга чейин президент Садыр Жапаров “Манас айылындагы” этнографиялык комплексти реконструкциялоо боюнча концептуалдык долбоор менен таанышкан. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, «Манас айылы» этнографиялык комплексин жандандыруу жөнүндө Республиканын Президентинин Администрациясына көптөгөн кайрылуулар түшкөнү, Мамлекет башчысы комплексти анын аталышына шайкеш келгидей кылып реконструкциялоо тапшырмасын койгондугу белгиленет.

“Манас” эпосунун кыргыз эли үчүн маанисин, бул долбоордун масштабдуулугун эске алуу менен комплекс элдин этносун, анын көп кылымдык тарыхын, кыргыз элинин маданиятын жана каада-салтын, келечек муундар үчүн тарыхты сактоонун символу болот деп болжолдонууда.

«Манас айылы» маданий-этнографиялык комплексин реконструкциялоого коомчулуктун кызыгуусу жогору болгондуктан, «Манас айылы» комплексинин концепциясын иштеп чыгуу үчүн ачык архитектуралык сынак уюштуруу чечими кабыл алынды.

Үстүбүздөгү жылдын 6-июнунда жарыяланган сынак шаар куруу жана комплекстин аймагын архитектуралык өнүктүрүү боюнча жаңы идеяларды жана концептуалдык чечимдерди табуу максатында уюштурулган.

Концепция «Манас» эпосунун маданий жана тарыхый баалуулугун камтып, борбор калаанын тургундарына жана конокторуна кыргыз элинин улуттук өзгөчөлүгүн көрсөтүп, ошол эле учурда Бишкек шаарынын жана бүткүл Кыргызстандын маданий мурасына айланышы керек. Билдирүүлөр үстүбүздөгү жылдын 5-июлуна чейин кабыл алынат. Байге фонду 3 млн сомдун тегерегинде. Каражат демөөрчүлөр тарабынан бөлүнгөн.

Калыстар тобунун курамына Маданият министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын, Кыргыз Республикасынын Архитекторлор союзунун, Сүрөтчүлөр союзунун, скульпторлор, Бишкек мэриясынын өкүлдөрү жана башкалар кирет.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>