Бензинге болгон керектөө баалары Кыргызстанда 1,8 эсеге өскөнүн Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) басма сөз кызматы билдирди.
«Июнь айында автобензинге керектөө баалары май айында сакталып, 2021-жылдын декабрына салыштырмалуу 1,3%га өстү. Орточо керектөө баалары Россияда өндүрүүчүлөрдүн орточо баасынан 3,3 эсеге, Кыргызстанда — 1,8 эсеге, Казакстанда — 1,6 эсеге, Беларуста — 1,5 эсеге ашты», — деп билдирди ЕЭК.
Евразия экономикалык биримдигинде автобензинге өндүрүүчү бааларынын индекси июнь айында 2022-жылдын май айына салыштырмалуу 98,1%ды, 2021-жылдын декабрына салыштырмалуу 74,9%ды түздү.