Бишкекте заманбап авторлордун «Графика» көргөзмөсү өтөтПолитехникалык коллеж КМТУнун карамагына өткөрүлдүПашинян Жапаровду Казакстандын президенти деп жаңылыш атады — протокол кызматынын башчысы иштен алындыБашкы прокуратура автоунаа алдамчылыгына айыпталган жаранды Молдова өлкөсүнөн кайтардыРубионун Самарканддагы сапары: $12 миллиарддык бүтүмдөр жана АКШнын Борбор Азиядагы жаңы пландарыСадыр Жапаров Азербайжан парламентинин төрайымы менен кызматташтык маселелерин талкуулады
Политехникалык коллеж КМТУнун карамагына өткөрүлдү
20.10.2026 | 15:30

Кыргызстандын Эл аралык университетинин Политехникалык колледжи юридикалык жак макамын сактоо менен И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин (КМТУ) курамына өттү. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Бул тууралуу «Эркин-Тоо» гезитинде жарыяланды.
Окуу жайдын аталышы эми «И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Политехникалык колледжи» деп өзгөртүлдү.
Мындай чечим жогорку жана орто кесиптик билим берүү системасын оптималдаштыруу, окуу-материалдык базаны жана мамлекеттик мүлктү натыйжалуу пайдалануу максатында кабыл алынган.
Токтомго ылайык, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине төмөнкү милдеттер жүктөлдү:
- колледждин студенттери үчүн окуу процессинин үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу;
- педагогикалык жана башка кызматкерлер менен эмгек мамилелерин мыйзам чегинде улантуу;
- уюштуруу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү;
- Бишкек шаары, Чүй проспектиси, 481 дарегинде жайгашкан мамлекеттик мүлктү, жабдууларды жана документтерди инвентаризациялап, министрликтин оперативдүү башкаруусуна өткөрүп берүү.
Рубрики: Жаңылыктар, Илим-билим