Балдарга арналган суусундуктарга акциздик марка басуу милдеттендирилдиАк-Суу районунда жаңы машина-трактордук станция ишке кирдиЖакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу Коопсуздук кеңеши өлкөдөгү коопсуздук маселеси боюнча жыйын өткөрдүКыргызстанда жарандарды социалдык камсыздандыруу үчүн каттоо системасы жөнөкөйлөтүлөтКамчыбек Ташиев ИИМде беш саат сурак берип чыктыЖер тилкелерин документтештирем деп, алдап кеткен. Чүйдө шектүү жаран кармалды
Казакстанда 2 жашар бала көп кабаттуу үйдөн кулады
03.08.2022 | 19:51
Казакстандын Шымкент калаасында көп кабаттуу үйдүн терезесинен эки жашар бала кулап кеткенин жергиликтүү басылмалар жазды.
Маалыматка караганда, бүгүн, 3-август күнү түшкү саат экиде “103” тез жардам кызматынан кабар түшкөн. Каратау районунун Туран кичи районунда 5 кабаттуу үйдө 2-кабаттын терезесинен кулап кеткен 2020-жылы туулган бала шаардык ооруканага жаткырылды (абалы оор).
Бала ата-энесинин көзөмөлүсүз калган.
Полиция окуянын чоо-жайын иликтеп жатат.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар