Башкыр альпинисти Мария Нечаева Хан-Теңири чокусунан каза тапты

Башкыр альпинисти Мария Нечаева Хан-Теңири чокусунан каза тапты

Өткөн ишембиде Башкириянын атактуу альпинист Мария Нечаева Хан-Теңири чокусун багындырып жатканда кулап каза тапты. Бул тууралуу «Комсомольская правда» басылмасы жазды.

“Болжол менен саат 12.30дар чамасында 5900 метр бийиктиктен Хан-Теңири чокусунун түндүк тарабына түшүп келе жатканда кулаган. Мариямдын сөөгү 5600 метр бийиктиктен табылган. Азыр куткаруучул топ менен биргеликте Мариянын сөөгүн андан ары тик учак менен Каракол шаарына эвакуациялоо үчүн базалык лагерге түшүрүп жатышат, — деп Башкириянын тоо туристтеринин коомчулугу билдиришти.

Нечаеванын каза болгону тууралуу маалыматты «Клоопко» Ысык-Көл ОИИБден тастыкташты.

Милициянын маалыматына ылайык, кыздын каза болгону тууралуу 8-августта маалым болгон. Соттук-медициналык экспертиза дайындалган, өлүмдүн себептери териштирилип жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>