27-сентябрь: Кыргызстанда жаан жаап, шамал күчөйтСадыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачтыКыз ак калпакты өрттөп, тойлордо белек берүү салтынан баш тартууга чакырдыБишкекте СТО жайгашкан имараттагы өрттөн бир адам каза болдуСом түштүк корея вонуна карата бекемделип, британ фунтуна карата алсырадыПРООН киберкылмыштуулук менен күрөшүүчү адистерди даярдоого жардам берет
Бишкек: Таатан соода борборунан чыккан өрт өчтү
08.08.2022 | 23:02
Бишкек шаарына Лермонтов көчөсүндө жайгашкан “Таатан” соода борборунун аймагында курулуш материалдарды саткан дүкөндөрдөн чыккан өрт саат 21:01де толук өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка караганда, өрттүн болжолдуу жалпы аянты 350-400 чарчы метрди түзөт. Бактыга жараша жабыркагандар жок.
Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнен 5 бөлүм, 1 суу ташуучу унаа, Штаб жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан ыкчам топ тартылган. Мындан сырткары ИИМден 1 экипаж, Тез жардам кызматынан 1 бригада, РЭТтен 1 бригада тарабынан жеринде иш аткарылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар