Кыргызстан жана АӨБ 2028-2032-жылдарга өнөктөштүк стратегиясын талкуулаштыДүйнөлүк банк жана АӨБ Кыргызстандын реформаларын колдоого даярКР саламаттык сактоо министри башка министрге операция жасап, инфаркттын алдын алдыКабмин башчысы Кыргызстандын прокуратурасынын коррупцияга каршы күрөшүүдөгү салымын белгиледиЖаңжалсыз чек ара: Кыргызстан менен Өзбекстан 10 айдын жыйынтыгын чыгардыКыргызстандын президентин шайлоодо чет жактагы 33 өлкөдө 74 шайлоо тилкеси ачылат
Эртеңден тарта кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат
20.01.2023 | 22:59
Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдирди.
Маалыматка караганда, Кытай тараптын демилгеси менен жаз майрамын белгилөөгө байланыштуу “Торугарт” жана “Эркечтам” кыргыз-кытай тилкесиндеги өткөрмө пунктары 21-24-январь күндөр аралыгында убактылуу жабылат.
25-январдан тарта аталган өткөрмө пунктар аркылуу унааларды жана жүктөрдү өткөрүү кайра жанданат.
УКМКнын Чек ара кызматы “Торугарт-автожол” көзөмөл-өткөрүү пункту Кытайдан Кыргызстанга транспорт каражаттарын жана жүктөрдү гана өткөрүүнү караган атайын алгоритм боюнча ишин улантып жатканын эскертет.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар