Нарында өспүрүмдөрдү кылмыштуу топ куугунтуктоодобу? Жооп

Нарында өспүрүмдөрдү кылмыштуу топ куугунтуктоодобу? Жооп

Учурда мектеп рэкети тууралуу маалымат Нарын ОИИБнын жетекчилиги жеке көзөмөлгө алып, аталган окуялар боюнча текшерүү иштери башталды. Бул тууралуу Нарын облустук милициядан билдиришти.

Бүгүн айрым маалыматтык сайттарында жана социалдык түйүндөрдө “Нарын шаарында өспүрүмдөр рэкетчилик жана кылмыштуу топтор тарабынан куугунтукка алынып жатат», «Нарында рэкетчилик күнүмдүк көрүнүш. Акча талап кылып, жумушу иштөгө мажбурлоодо.”-деген аталышта макалалар жарыяланган. Буга карата Нарын облустук милиция жооп берди.

Анда өспүрүмдөр арасында рэкетчиликтин жана кылмыштуулуктун алдын алуу максатында Нарын милициясы тарабынан бир топ алгылыктуу иш-чаралар, семинарлар, тегерек столдор, конференциялар, спорттук оюндар жана башка алдын алуу иш- чаралары үзгүлтүксүз өткөрүлүп келгендиги айтылат.

Ошондой эле жакында Нарын ОИИБдин жетекчилиги тарабынан Нарын облусунун аймагында балдар арасындагы укук бузуулардын, кылмыш кырсыктардын алдын алууга багытталган иш-чараларды Нарын облусунун аймагындагы баардык мектептерде жүргүзүү боюнча график иштелип чыгып, Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен макулдашылып, Акыйкатчынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү  Нурбек Андабеков, Нарын райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы  Гульмира Султаналиева ж.б. укук оргоо орагандары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда мектеп окуучулары,  ата-энелери жана мугалимдер менен жолугуушу болуп өткөндүгүн мисал келтирди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>