Саясат таануучу Денис Борисов Кыргызстандын трансформациясына баа бердиЭмгек министрлигинин алдында Миграция маселелери боюнча департамент түзүлдүМинск шаарындагы сейил бакка орнотулат. Чыңгыз Айтматовдун айкелин жасоого сынак жарыяландыКыргызстанда жасалма интеллект жараткан контентке белги коюуну (маркалоону) милдеттендирүү каралуудаБишкекте орус үйүнүн күнүнө 2000ден ашык бишкектик катыштыКыргызстандын экономикасы банк тутумунан тез өнүгүүдө: эксперттин пикири
Ооганстандагы жер силкинүү Казакстанга сезилди
21.03.2023 | 23:43
Казакстандын Сейсмологиялык эксперименталдык-методикалык экспедициянын маалыматына ылайык, Ооганстандагы жер титирөөнүн күчү Шымкент жана Тараз шаарларында сезилген. Бул тууралуу КазТаг жазып чыкты.
Маалыматка караганда, 21-март күнү Алматы убактысы боюнча саат 22:47де Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин сейсмикалык станциялар тармагы тарабынан жер титирөө катталганы аныкталды. Жер титирөөнүн очогу Алматыдан 848 км түштүк-батышты карай Ооганстан тарап жагында болгон. Жер титирөөнүн энергетикалык классы 16.1. Магнитудасы MPV 7,8 деп эсептелинүүдө.
Сейсмологдордун айтымында, 3 баллга жеткен жер титирөө Шымкент жана Тараз шаарларында сезилген.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар