Көк бөрүдө «Ынтымак» жеңүүчү болду. Финалдагы салымдар (видео)

Көк бөрүдө «Ынтымак» жеңүүчү болду. Финалдагы салымдар (видео)

Бишкекте 21-мартта Нооруз майрамына карата өткөрүлгөн көк бөрү боюнча мелдеш жыйынтыкталып, жогорку лигада биринчи орунду «Ынтымак» командасы алды.

Оюндар борбор калаадагы «Аккула» ат майданында өтүп, финалда «Ынтымактын» улакчылары «Сары-Өзөн» командасы менен ойноду. Жыйынтыгында алар атаандаштарын 5:0 эсебинде утуп алды.

Бул оюнда тай казанга үч улакты Нуржан Мелисбек уулу, ал эми, экөөнү Өмүрбек Эсен уулу ыргытты.

Мелдештин жыйынтыгы менен «Ынтымактын» көк бөрүчүсү Өмүрбек Эсен уулу «мыкты оюнчу», Сары-Өзөндүн Дархан деген аты «мыкты аргымак» деп табылды.

Жогорку лигадагы мелдештин жыйынтыгы:

1-орун: «Ынтымак» – 1 млн сом байге,

2-орун: «Сары-Өзөн» – 500 миң сом байге,

3-орун: «Достук» – 250 миң сом байге,

4-орун: «Алтын Альянс» – 130 миң сом байге,

5-орун: «Мурас» – 80 миң сом байге,

6-орун: «Ак-Шумкар» – 50 миң сом байге.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>