Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 8 миң 284 адам эмдөөдөн өттү.
Республикалык штабдан маалымдашкандай, эмделгендердин ичинен 3 миң 897 адам вакцинанын биринчи дозасын, 4 миң 387 жаран экинчи дозасын алды.
Өлкө боюнча жалпы 764 миң 437 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 565 миң 822 жаран экинчи компоненти менен эмделди.