Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Жапаров элди коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырды
19.09.2021 | 12:00
Президент Садыр Жапаров “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу кыргызстандыктарды коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүгө дагы бир жолу чакырды.
Андагы билдирүүгө ылайык, бүгүн Кыргызстанда 69 адамдан COVID-19 илдети аныкталган.
“Ооругандардын 100 пайызы вакцина албагандар болуп чыкты. Вакцина алыңыздар”,- деп жазган мамлекет башчысы.
Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 8 миң 284 адам (анын ичинен 3 миң 897 адам вакцинанын биринчи дозасын, 4 миң 387 жаран экинчи дозасын алды) эмдөөдөн өткөн. Ал эми өлкө боюнча жалпы 764 миң 437 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 565 миң 822 жаран экинчи компоненти менен эмделди.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат