ИИМ: Акыркы суткада Кыргызстандын аймагында абал туруктуу

ИИМ: Акыркы суткада Кыргызстандын аймагында абал туруктуу

Акыркы суткада Кыргызстандын аймагында абал туруктуу жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан толук көзөмөлдөнүп жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Азыркы учурда Бишкек шаарынын аймагында абал туруктуу жана күч түзүмдөрүнүн, ыктыярдуу элдик кошундардын көзөмөлүндө. Коменданттык сааттын аякташы менен шаарга кирип-чыгуу ачык, коомдук транспорт токтоосуз жүрүүдө. Талап-тоноочулук жана талкалоо фактылары катталган жок.

Республика боюнча 2020-жылдын 15-октябрына карата Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 287 кылмыш менен 131 жоруктар катталган. Кылмыштарды жана жоруктарды тыкыр иликтөө үчүн тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Республика боюнча 10 миңге жакын ыктыярдуу элдик кошундар тартылып, коомдук тартипти сактоону камсыздоо жана жарандарды коргоо үчүн укук коргоо органдарына жардам берүүдө.

Өткөн бир күн ичинде жалпысынан 22 жол кырсык катталып, андан 5 жаран каза болуп, 39 жаран денелеринен ар кандай жаракаттарды алышты.

ИИМ Бишкек шаарында киргизилген Өзгөчө абал менен коменданттык сааттын талаптарын аткарууга чакырат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>