Агрокөргөзмө-жарманкелер өтөт: Бишкекте 21–25-октябрда айрым көчөлөр жабылат

Бишкек шаарындагы Т. Усубалиев атындагы аянтта «АгроТехЭкспо – 2026» көргөзмөсү жана «Алтын күз» жарманкеси өтөт. Буга байланыштуу 21–25-октябрь күндөрү аянттын айланасындагы айрым көчөлөрдө унаа кыймылына чектөө киргизилет. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Аянтта дыйкандар менен өндүрүүчүлөрдүн продукцияларынын жарманкеси, айыл чарба жетишкендиктеринин, технологияларынын жана техникаларынын көргөзмөсү уюштурулат.
Чектөө киргизиле турган көчөлөр:
- Раззаков көчөсүнүн Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Орозбеков көчөсүнүн Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Эски аянттын Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейинки тилкеси;
- Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын айланасы.
Келүүчүлөр үчүн Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Бишкек шаарындагы филиалынын (мурдагы ТИМдин имараты) айланасында унаа токтотуучу жай уюштурулат.
Министрлик айдоочулардан каттамдарын алдын ала пландаштырып, башка жолдор менен жүрүүнү өтүндү.