ИИМ: Бишкек мэриясынын кызмат адамдары ээси жок батирлерди ээлеп алган

ИИМ: Бишкек мэриясынын кызмат адамдары ээси жок батирлерди ээлеп алган

Ээси жок батирлерди ээлеп алуу боюнча коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Аламүдүн-1 кичирайонунун аймагында жайгашкан Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктөр башкармалыгына тиешелүү батирлер аныкталган. Ал батирлер бүгүнкү күндө соттун чечими менен ээси жок батирлер катары таанылган.

Аталган фактылар 320-берененин 2-бөлүмү (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен иликтепип жатат.

“Бүгүнкү күндө бул батирлер мыйзам талабына ылайык  аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилиши керек болгон. Бирок, 2013-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктөр башкармалыгынын менен райондук администрациянын айрым кызматкерлери тарабынан  Свердлов районунун Муниципалдык аймактык башкармалыгынын  начальниги М.А.га батир Бишкек шаарынын мэриясынын тиешелүү чечими жок берилген. Ал бүгүнкү күндө батирди бошотуудан баш тартууда”, — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, соттун чечими менен ээси жок батирлер катары эсептелген 34 батир аныкталып, алардын ичинен 5 батирде Бишкек шаарынын мэриясынын айрым жооптуу кызматтагы адамдары жашап жаткандыгы аныкталган.

Калган башка даректерде тергөөнүн тапшырмасынын негизинде Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан жашоочуларын аныктоо жана ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүп жатканы айтылат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>