Майлуу-Суу шаарындагы стадион капиталдык оңдоодон өткөрүлөт

26.10.2026 | 15:45
Майлуу-Суу шаарындагы стадион капиталдык оңдоодон өткөрүлөт — Новости Кыргызстана
Майлуу-Суу шаарындагы стадион капиталдык оңдоодон өткөрүлөт — иллюстрация
Майлуу-Суу шаарындагы стадион капиталдык оңдоодон өткөрүлөт — контекст события

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында 1953-жылы курулган шаардык стадионду реконструкциялоо жана капиталдык оңдоодон өткөрүү пландалууда. Учурда эскиздик долбоор даярдалды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Долбоорго ылайык, стадиондун футбол талаасынын катмары алмаштырылып, дренаж системасы орнотулат. Чуркоо тилкеси жаңыланып, баскетбол жана волейбол аянтчалары салынат. Ошондой эле батыш жана чыгыш трибуналары оңдолуп, машыгуу залдары, кийим алмаштыруучу жана жуунуучу бөлмөлөр жаңыртылат. Футбол талаасына жарыктандыруу системасы коюлуп, автоунаа токтотуучу жай курулат.

Министрлик жаңылоо иштеринен кийин стадион жергиликтүү тургундардын машыгуусуна жана мелдештерди өткөрүүгө ылайыкталган заманбап спорттук жайга айланарын билдирди.

Scroll to Top