ИИМ: коменданттык сааттын талаптарын бузуп 91 адам кармалды

09.04.2020 | 10:39

9-апрелге карата өзгөчө абал киргизилген Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында жана Сузак районунда коменданттык сааттын талаптарын бузганы үчүн 91 адам кармалып, 10 автоунаа атайын жайга токтотулган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Алардын ичинен: Бишкек шаарында – 61, Ош шаарында – 5, Жалал-Абад шаарында – 3, Сузак районунда – 21, Кара-Суу жана Ноокат районунда  коменданттык сааттын талаптарын бузгандар катталган эмес.

Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 2192  жаран коменданттык саатты бузганы үчүн милициянын кайгуул тобу тарабынан кармалып, коё берилди.

25-марттан тартып коронавирус көп чыккан Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген.

9-апрель саат 10:00гө карата, Кыргызстанда коронавирус илдетин жугузуп алгандардын жалпы саны  280 адамга жетти. Алардын 25и сакайып чыгып, 4 адам каза болгон. Ооруну жугузуп алгандардын арасында 34 медкызматкер бар.

Scroll to Top