Кыргызстан ТМУдагы өнөктөштөрүнө бирдиктүү фармацевтикалык платформа түзүүнү сунуштадыПрезиденттин Иш башкармалыгы «Кыргыз почтасынын» негизги акционери болдуФАО Азиядагы күрүч түшүмүнө Эль-Ниньонун таасири тууралуу эскерттиКыргызстанда 133 миң педагог эмгектенет — Мугалимдер күнүнө карата маалыматКыргызстан 14 медаль менен Азиада-2026ны 26-орунда жыйынтыктадыФАО: дүйнөдө дан эгиндерин өндүрүү 2026-жылы 2,1%га азаят
Ошто эски жана мыйзам талаптарына жооп бербеген жарнамалар алынууда
26.05.2026 | 12:41

Ош шаарында көрнөк-жарнактарда «Мамлекеттик тил жөнүндө» жана «Жарнак жөнүндө» мыйзамдарынын сакталашы текшерилди. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.
Муниципалдык менчик башкармалыгы жана Мамлекеттик тил боюнча комиссия шаардын Мамыров көчөсүндө жана Жапалак айылында рейд өткөргөн. Иш-чаранын жүрүшүндө эскилиги жеткен жарнамалар алынып, тартипке келтирилген.
Текшерүү учурунда жарнамаларда жана кулактандырууларда мамлекеттик тилдин талаптарынын сакталышына көңүл бурулган. Эреже бузган бир нече ишкерге эскертүү берилген. Мэрия талаптарды өз убагында аткарбаган ишкерлерге административдик чаралар көрүлөрүн жана жарнамалары демонтаждаларын эскертти.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Ош шаары