Кыргызстандагы саякат: Туристтер үчүн эң керектүү мобилдик тиркемелер

Адатта, Кыргызстанга саякатка чыккан ар бир турист карталарды, сөздүктү жана такси кызматтарынын тизмесин ала жүрөт. Эми мунун баары кадимки эле смартфонго батат. Бирок көнүмүш тиркемелер Бишкек, Балыкчы же Нарын шаарларында дайыма эле ойдогудай иштей бербеши мүмкүн. Саякатыңыз жол таппай убара болгон жагдайларсыз жана тил тоскоолдугусуз өтүшү үчүн Reporter.kg сиздерге туристтин «санариптик рюкзагын» даярдады. Бул тизмедеги тиркемелер өлкөбүздө түйшүксүз эс алууга жардам берет. Алар чет элдик коноктор үчүн гана эмес, кыргызстандыктар үчүн да чоң жардамчы болот.
Тил жана баарлашуу
Кыргызстанда эки мамлекеттик тил бар: кыргыз жана орус тилдери. Бишкекте дээрлик бардык жерде орусча сүйлөшөт жана түшүнүшөт. Бирок борбордон тышкары жерлерде, күнүмдүк турмушта же сапар учурунда орус тили жетишсиз болуп калышы мүмкүн. Мындайда кыргыз тили жардамга келет.
Бул үчүн төмөнкү эки тиркеме пайдалуу:
Google Translate — сөзсүз жүктөп алуу сунушталат. Анткени анда кыргыз жана орус тилдеринин офлайн-пакеттери бар. Аларды алдын ала жүктөп алсаңыз, интернет начар иштеген тоолуу аймактарда базарда соодалашууга, көл жээгинде, кафеде сүйлөшүүгө же жайлоодогу чабандан анын боз үйүндө сүрөткө түшүүгө уруксат суроого мүмкүнчүлүк түзүлөт.
«Орусча-кыргызча сөздүк»: 70 миңден ашык сөздү камтыган бул сөздүк онлайн жана офлайн режимде иштейт. Мындан тышкары, тиркемеде викториналар жана аудио көнүгүүлөр бар.
Бирок бирөөнү эле колдонбой, Google Translate менен сөздүктү катар пайдаланган оң.
Кеңеш: Кыргызстанга келерден мурда кыргыз тилиндеги жок дегенде бир-эки сөздү үйрөнүп алыңыз. Мисалы: «Рахмат» жана «Саламатсызбы».
Байланыш жана SIM-карталар
Интернет — кайсы өлкөдө болбосун коопсуздуктун маанилүү бөлүгү. Кыргызстанда үч негизги мобилдик оператор бар жана алардын камтуу аймагы бир аз айырмаланат.MegaCom жана «О!» борбордо, ири шаарларда, негизги туристтик аймактарда, коруктарда жана туристтик маршруттарда туруктуу иштейт. Эгер сиз эл аз барган, бийик тоолуу, жапайы жаратылышка жакын аймактарды көздөй барууну пландасаңыз, анда Beeline ыңгайлуу болушу мүмкүн. Кандай болгон күндө да, SIM-картаны каттагандан кийин оператордун расмий тиркемесин жүктөп алуу сунушталат. Ал аркылуу калган интернет көлөмүн текшерүүгө же жакынкы тейлөө борборун табууга болот.
Балансты ири дүкөндөрдө жана гипермаркеттерде жайгашкан терминалдар аркылуу, ошондой эле банк тиркемелери аркылуу толуктоого мүмкүн. Эгер өлкөдө узагыраак болууну пландасаңыз жана кыргыз банк картасын ачсаңыз, бул андан да ыңгайлуу болот.
Валюта конвертерлери
Сапар учурунда бюджетиңизди башкарууда валюта алмаштыргыч тиркемелер пайдалуу болот. Ошондой эле жемиштерге, сувенирлерге же туристтик кызматтарга сатуучулар сураган бааны төлөөгө даярсызбы же жокпу түшүнүү да жеңилдейт. Ошондуктан кыргыз сому (KGS) менен өз валютаңыздын — рубль, теңге же башка акча бирдигинин ортосундагы конвертер ашыкча болбойт.
iMoney — Кытайда иштелип чыккан, англис тилиндеги, бирок орус тилин да колдогон валюта конвертери. Анда 170тен ашык валюта бар, алмашуу курстарынын тарыхы көрсөтүлөт жана маалыматтар саат сайын жаңыланып турат. Колдонуучу бир эле экранда беш валютага чейин бир убакта салыштырып эсептей алат.
«Конвертер валют — курс валют» — орус тилинде иштеген дагы бир тиркеме. Анда да 170тен ашык валюта камтылган. Мындан тышкары, популярдуу криптовалюталарды да эсептеп бере алат. Жүктөлүү көлөмү жагынан iMoney’ге караганда жеңилирээк.
Такси жана транспорт
Бишкекте туристтер көбүнчө такси менен жүрүшөт. Ушундай эле көрүнүш Ош, Каракол, Нарын, Балыкчы жана Чолпон-Ата сыяктуу башка ири шаарларда да байкалат. Эң кеңири колдонулган кызмат — Yandex Go. Ал Украинадан тышкаркы дээрлик бардык постсоветтик өлкөлөрдө ушул аталышта же Yango деген аталыш менен иштейт. Эгер сиз ошол өлкөлөрдүн биринен келсеңиз, бул кызматта аккаунтуңуз болушу мүмкүн.
Төлөмдү накталай сом менен же өз өлкөңүздө тиркемеге байланыштырылган карта аркылуу жүргүзсөңүз болот. Артыкчылыгы — жол киренин баасы сапар баштала электе көрүнөт, ошондуктан негизсиз кымбаттатып жиберүү мүмкүн эмес. Баа айдоочу сизди күтүүгө аргасыз болгон учурда гана өзгөрүшү мүмкүн.
InDrive — Кыргызстандагы дагы бир эл аралык такси кызматы. Бул тиркемеде сиз кызмат сунуштаган бааны эске алуу менен өзүңүз бара турган багыт боюнча жол кирени белгилейсиз. Ошондой эле сунушуңузга жооп берген айдоочулардын арасынан өзүңүз тандай аласыз.
Жергиликтүү кыргыз кызматтарынын ичинен туристтер үчүн пайдалуу эки компанияны белгилөөгө болот.
Алар:
NaviTaxi — экологиялык отун: газ жана электр энергиясы менен жүргөн унааларды колдонгон ата мекендик такси кызматы.
Deluxe Taxi — өзгөчө талап койгон кардарларга кошумча мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт. Маселен, белгилүү бир убакытка унаа чакырууга, тамеки чекпеген айдоочуну тандоого же «сергек айдоочу» кызматын пайдаланууга болот. Бул акыркысы өз автоунааңыз бар, бирок чарчагандыктан же спирт ичимдигин колдонгондуктан рулга отура албаган учурларда пайдалуу.
Кеңеш: жол жээгинен туш келген машинаны токтотпоңуз. Айдоочу сизди эркиңизге каршы «шаар көрсөтөм» деп башка жакка алып кетпеши же башка коркунуч жаратпашы үчүн трекинги бар расмий такси кызматтарын пайдаланыңыз. Тилекке каршы, мындай жагдайлар туристтер менен да, жергиликтүү жашоочулар менен да кездешет. Эгер айдоочу одоно мамиле кылса, тийишсе, орой сүйлөсө же картадагы маршруттан четтеп бара жатканын байкасаңыз, дароо такси кызматына кабарлаңыз. Тиркемелерде адатта шашылыш билдирүү баскычы же диспетчер менен байланышуу функциясы болот. Унчукпай калбаңыз.
Ал эми коомдук транспорт боюнча маалыматтарды Yandex Go жана 2GIS аркылуу көрүүгө болот.
Шаарларда, тоолордо, айылдарда жана алардын ортосундагы навигация
Дүйнө жүзүндө кеңири колдонулган Google Maps Кыргызстанда, албетте, иштейт. Бирок тоодогу так маршруттарды түзүү же туристтик шаар кыдыруулары үчүн ал дайыма эле ылайыктуу эмес, себеби айрым жерлерде деталдуулугу жетишсиз. Кээде ал тургай Бишкектин өзүндө эле карта жаңылыш багыт көрсөтүп, короолорго же ашыкча бурулуштарга алып кирип, керектүү имаратка эмес башка жакка багыттап коюшу мүмкүн.
Мындай учурда төрт тиркеме жардамга келет. Алар интернетсиз деле иштеп, ар кандай кырдаалда навигатор боло алат. Болгону бара турган аймактын карталарын алдын ала жүктөп коюу керек. Андан да жакшысы — Кыргызстан боюнча карталарды толугу менен сактап алыңыз. Камылга ашыкча болбойт.
2GIS — «ДваГис», «ДубльГис», «ТуГис» деген аталыштар менен да белгилүү. Ал картадан коомдук транспорттун маршруттарын, уюмдардын даректерин жана байланыш номерлерин, көрүүгө татыктуу жайларды көрсөтөт. Ошондой эле жөө, автоунаа же велосипед менен эң кыска жолду сунуштап, туристтер үчүн пайдалуу жайларды, тамактануу, көңүл ачуу жана эс алуу жерлерин табууга жардам берет.
Yandex Maps («Яндекс Карталар») — шаарлар менен айылдарда жол көрсөтүп, дарыканаларды, банкоматтарды, мейманканаларды жана сапарда керектүү башка объектилерди табууга көмөктөшөт. Маршрут түзүп берет, шаарлар аралык багыттарды эсептейт, тыгындарды жана аларды айланып өтүү жолдорун көрсөтөт, кыска жолду табууга жардам берет.
Maps.me — шаардык туризм үчүн дагы бир кеңири жана деталдуу тиркеме. Бирок алгачкы экөөнөн айырмаланып, жаратылыштагы жөө маршруттар үчүн да өзгөчө баалуу. Анда өз маршрутуңузду сактап, бөлүшүүгө, картага жаңы туристтик жайларды кошууга, башка туристтер түзгөн жолдор менен жүрүүгө, ошондой эле геолокацияңызды досторуңузга жөнөтүүгө болот.
Smart Maps Offline — Maps.me’нин функциялары жагынан окшош «тууганы». Жүктөлүү көлөмү азыраак болгону менен, карталарында ландшафттар жогорку тактыкта көрсөтүлөт жана жөө маршруттар да бар. Ошондуктан Кыргызстандагы гиддер бул тиркемени жана Maps.me’ни ишинде көп колдонушат.
Коопсуздук жана аба ырайы
Кыргызстан — сейсмикалык жактан активдүү, кескин континенттик климаты бар өлкө. Табияттын күтүүсүз сюрприздери бул жерде сейрек көрүнүш эмес.
Мисалы, күн күркүрөгөн жаандан убактылуу баш калкалоочу жай сактап калышы мүмкүн, бирок селден андай коргонуу жардам бербеши ыктымал.
Ошондуктан өлкө ичинде сапарга чыгардан мурун аба ырайы боюнча эскертүүлөрдү берип турган жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен байланышууга мүмкүнчүлүк түзгөн тиркемелерди жүктөп алуу маанилүү.
«112 Кыргызстан» — Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кыргыз, орус жана англис тилдериндеги расмий тиркемеси. Анын жардамы менен өлкө жарандары жана туристтер жер титирөө, сел, кар көчкү сыяктуу кырдаалдар тууралуу ыкчам расмий билдирүүлөрдү алышат. Бул үчүн push-билдирүүлөргө уруксат берүү керек.
Тиркеменин дагы бир артыкчылыгы — «Шашылыш билдирүүлөр» бөлүмү аркылуу SOS сигналын жөнөтүүгө болот. Эгер кырсыкка кабылсаңыз, жолдо же тоо ашуусунда тыгылып калсаңыз, окуя болгон жерди көрсөтүп, эмне болгонун текст, үн билдирүү же видео аркылуу жөнөтөсүз. Андан соң жардамга куткаруучулар тобу жөнөтүлөт.
Meteoprog, WeatherPro, «Жергиликтүү аба ырайы божомолу — Радар» — Кыргызстанды кошкондо 150дөн ашык өлкө боюнча так метеомаалыматтарды сунуштаган тиркемелер.
Тоого же жөө маршрутка чыгаар алдында сөзсүз аба ырайын текшерип алыңыз. Бирок бир нерсени унутпаңыз: капчыгайларда аба ырайы бат-бат өзгөрөт. Ошондуктан жөө жүрүшкө чыкканда жок дегенде жамгыр өткөрбөс кийим жана запас байпак ала жүрүңүз.
Елена Короткова