«Кумтөр Оперейтинг Компанинин» бардык акциялары «Кумтөр Голд Компаниге» өттү

«Кумтөр Оперейтинг Компани» ЖАКтын 100% акциясы «Кумтөр Голд Компани» ишканасына өткөрүлдү. Буга чейин аталган компаниянын жалгыз акционери «Кыргызалтын» ААКы болуп келген. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, мындай чечим Тоголок алтын кенин өздөштүрүү жана Жангарт аянтында геологиялык чалгындоо иштери боюнча чечимдерди кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн берүү максатында кабыл алынган.
Тоголок алтын кени Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда жайгашкан. Учурда кенде тоо-кен иштери жүрүп жатат, алгачкы рудаларды казып алуу 2026-жылга пландаштырылган. Мындан тышкары, «Кумтөр Оперейтинг Компани» Жангарт аянтында чалгындоо жана бургулоо иштерин жүргүзүүдө.
Ишкана кенди өздөштүрүү эки этап менен ишке ашырыларын жана 10-15 жылга эсептелгенин кошумчалады. Пайдалуу кендердин мамлекеттик запасы боюнча комиссия тарабынан аталган жерде 19 928,5 кг алтындын запасы бекитилген.