Анвар Анарбаев Кыргызстандын Вьетнамдагы элчиси болуп дайындалдыIV Бишкек эл аралык кинофестивалы өтүүдөКыргызстан менен Беларусь үрөнчүлүк жана мал чарбачылыгы боюнча макулдашууларга кол коюштуЧүйдө жашыруун баңгизат лабораториясы табылып, төрт киши кармалдыБулан-Сөгөттүдөгү сел — куткаруучулар дайынсыз жоголгон өспүрүмдүн сөөгүн табышты8-июнь: Көпчүлүк аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт
Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады
27.05.2026 | 09:31
Эксклюзив
Жогорку Кеңеш адвокатураны реформалоо боюнча мыйзам долбоорун экинчи ирет кароодон алып салды

Бүгүн, 27-майда, өлкө башчы Садыр Жапаров кыргызстандык жарандарды Курман айт майрамы менен куттуктады. Президент өз куттуктоосунда бул күндүн руханий маанисине жана коомдук биримдикке токтолду.
«Курман айт – кылымдар бою ата-бабалардан калган диний жана улуттук руханий нарктарды, боорукердикти, кайрымдуулукту жана жоомарттыкты даңазалаган өзгөчө касиеттүү күн. Бул майрам адамзаттын дилинин тазалануусуна, бири-бирине болгон кечиримдүүлүккө, кең пейилдүүлүккө жана ынтымакка чакырат», — деп белгиледи ал.
Өлкө башчы өлкөдөгү тынчтыктын маанилүүлүгү тууралуу айтып, төмөнкүлөрдү билдирди:
«Биз – ынтымакты туу туткан, кыйынчылыкта бирге болгон улуу жана куттуу журтпуз. Биздин эң башкы байлыгыбыз – Ата Мекенибиздин тынчтыгы менен элибиздин ынтымагы».
Ошондой эле ал Мекке шаарында ажылык парзын аткарып жаткан жарандардын тилектери кабыл болушун каалады. Куттуктоонун аягында мамлекетке жана элге туруктуулук жана бакубатчылык тиледи.
«Жараткан кутман жергебизге ырыскы, береке, бейпилдик жана туруктуулук берсин. Элибизди бөөдө кырсыктан, бөлүнүп-жарылуудан сактасын! Кыргызстаныбызда ар дайым бакубатчылык орноп, ар бир коломтодо токчулук менен молчулук өкүм сүрсүн! Курман айт майрамыбыз маарек болсун!», — деди ал.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Курман айт