Шубин мектебиндеги жаңжал. Окуучулардын апасы социалдык тармактагы билдирүүсү үчүн ИИБде сурак берди — эмне болуп жатат?

28.05.2026 | 16:59
П.Ф. Шубин атындагы Борбордук балдар музыкалык мектебинин

П.Ф. Шубин атындагы Борбордук балдар музыкалык мектебиндеги жаңжал күч алууда — анда окуган эки баланын энеси Саадат Аманова Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ИИБнин Тергөө кызматынын тергөөчүсү тарабынан суракка алынды.

Анын айтымында, күбө катары сурак берүү 2026-жылдын 21-майында болуп, 4,5 саатка жакын созулган — саат 18:30дан дээрлик 23:00гө чейин.

Reporter.kg кабарчысына тергөөчү Сыймык Төлөгөнов түшүндүргөндөй, суракка алууга П.Ф. Шубин атындагы Борбордук балдар музыкалык мектебинин (ББММ) директору Гүлзинат Суранчиеванын «анын дарегине жалган маалымат таратты» деген арызы негиз болгон.

«Учурда чечим кабыл алына элек, иш бир айдын ичинде каралат», — деп кошумчалады тергөөчү.

Өз кезегинде Биринчи Май райондук ИИБнин басма сөз кызматы бизге тактап бергендей, жарандар А.С. жана Н.А.га карата арыз Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ИИБнин Тергөө кызматына 2026-жылдын 16-майында түшкөн, ал эми тергөөгө чейинки текшерүү 10 күндү алат.

Окуянын чоо-жайы

Эскерте кетсек, 2026-жылдын 11-майында Саадат Аманова — музыкалык мектептин эки окуучусунун апасы — социалдык тармактарга окуунун баасы көтөрүлгөнү тууралуу билдирүү жарыялаган.

«Эгерде мурда ата-энелер айына 2 500 сомдон, кийин 3 500 сомдон төлөп келишсе, азыр бизди фактынын алдында калтырышты: арткы дата менен апрель жана андан кийинки айлар үчүн 6 500 сомдон төлөөнү талап кылып жатышат. Биз мындай кескин көтөрүлүү кандай негизде болуп жатканын түшүнгүбүз келет. Бул — мамлекеттик мектеп», — деп айтылат анын билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, Аманованын окуу акысынын көтөрүлүшү тууралуу постунун алдында мектептин башка окуучуларынын ата-энелери да комментарий калтырышкан.

Алар билим берүүнү жана мугалимдердин эмгегин колдоого каршы эместигин, бирок алардын пикиринде, мындай чечимдер ачык-айкын жана мыйзамдуу кабыл алынышы керектигин баса белгилешкен.

Белгилей кетсек, КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы Reporter.kg сайтына социалдык тармактарда пайда болгон маалымат боюнча комментарий берип жатып:

«П.Ф. Шубин атындагы Борбордук балдар музыкалык мектебинде белгиленген квотадан (мамлекеттик буйрутмадан) тышкары башталгыч музыкалык билим берүү программалары боюнча келишимдик (контракттык) окуунун баасын жогорулатуу Маданият министрлиги менен макулдашылган эмес. Бул маселе боюнча акыркы чечим азырынча кабыл алына элек», — деп билдирген.

Мекеме контракттык окуунун баасын көтөрүү маселеси КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы №300 «КРда акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарына тарифтерди белгилөө жана колдонуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомунун, Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы №304 «Мамлекеттик органдардын жана алардын карамагындагы мекемелердин мамлекеттик кызматтарынын бирдиктүү реестрин бекитүү тууралуу» токтомунун, Министрлер кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги №286 “КР билим берүү системасынын уюмдарынын кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндө” токтомунун, ошондой эле башка ченемдик-укуктук актылардын алкагында караларын кошумчалады. Жыйынтыгында тиешелүү чечим кабыл алынып, ал тууралуу маалымат кошумча берилет.

14-майда окуучулардын ата-энелери мектеп администрациясына расмий кайрылуу жолдошкон. Анда кол койгондор окуу акысынын 3,5 миң сомдон 6,5–7 миң сомго чейин кескин жана негизсиз көтөрүлүшүнө таптакыр каршы экендигин билдиришкен. Ошондой эле алар бул сумманы 2026-жылдын апрель айы үчүн арткы дата менен төлөө талабына макул эместигин айтышкан.

Белгилей кетсек, ал учурда кайрылууга 24 адам кол койгон.

Документке ылайык, ата-энелерге «тарифтин дароо 100%га жогорулашын негиздеген чыгашалардын калькуляциясы (эсеби) берилген эмес». Ошондой эле анда «келишимдерде жана мыйзамдарда каралбаган мыйзамсыз акча чогултуу практикасы» эскерилген.

Кайрылууда ата-энелер «жогорулатылган тариф боюнча окуу акысын төлөөнү жокко чыгарууну, арткы дата менен акча талап кылуу практикасын, мыйзамсыз акча чогултууну жана жаңы кабыл алынган окуучулардан 2 миң сом өлчөмүндөгү кирүү акысы делген төлөмдү токтотууну» талап кылышкан.

Документке ылайык, кол койгондор ошондой эле «мекеменин финансылык ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын камсыз кылууну, бааны көтөрүүнүн укуктук негиздерин көрсөтүү менен бул кайрылууга расмий жазуу түрүндө жооп берүүнү, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган буйруктардын көчүрмөлөрүн берүүнү» талап кылышкан.

Алар тиешелүү арыздар менен кайрылуунун көчүрмөлөрүн Маданият министрлигине, Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына жана прокуратура органдарына жөнөтүү укугун өзүнө калтырышкан.

15-майда кайрылуу кырдаалды териштирүү өтүнүчү менен Маданият министрлигине, Биринчи Май райондук прокуратурасына жана Президенттин администрациясына жөнөтүлгөн.

Кабарчысы мектеп директору Гүлзинат Суранчиева

Белгилей кетсек, 18-майда Reporter.kg сайтынын кабарчысы мектеп директору Гүлзинат Суранчиевадан комментарий алууга аракет кылган. Алгач ал WhatsApp аркылуу бир нече үн билдирүүлөрүн жаздырып жөнөткөн, бирок дароо эле аларды өчүрүп салып, журналистке анын сөздөрүн колдонууга тыюу салган жана кийинчерээк расмий жазуу түрүндө комментарий берүүнү убада кылган.

Макала жарыяланып жаткан учурда, П.Ф. Шубин атындагы ББММдин администрациясы жол-жобонун бузулушуна жана юридикалык негиздердин жоктугуна байланыштуу ата-энелердин 2026-жылдын 14-майындагы жамааттык кайрылуусун (дооматын) четке какканы белгилүү болду.

П.Ф. Шубин атындагы ББММдин директору Г.К. Суранчиеванын колу коюлган 2026-жылдын 22-майындагы билдирмеде: «Катталган бул кайрылуу маңызы боюнча кароосуз калтырылсын, бардык тиркелген материалдары менен бирге арыз ээлерине (демилгечилерге) кайтарылсын», — деп айтылат.

Билдирмеде такталгандай, «КРнын кайрылууларды берүү жана жол-жоболоштуруу тартибин жөнгө салган мыйзамдарынын талаптары одоно бузулгандыгына байланыштуу бул кайрылуу өндүрүшкө алынбайт, четке кагылууга жана маңызы боюнча кароосуз кайтарылууга тийиш».

Ошондой эле анда «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» КР Мыйзамынын 6-беренесине ылайык мындай документтер кантип жол-жоболоштурулушу керектиги кеңири баяндалат.

«Жарандын (же жарандардын жамаатынын) жазуу жүзүндөгү кайрылуусунда сөзсүз түрдө төмөнкүлөр болушу керек:
• арыз ээлеринин (же ыйгарым укуктуу адамдын) Аты-жөнү;
• жашаган жеринин дареги, катталган жеринин же турган жеринин дареги;
• байланыш телефондору;
• өздүк колу (колдору) жана датасы.

Мындан тышкары, администрация берилген документ (ата-энелердин жамааттык кайрылуусу — ред. эскертүүсү) эң одоно процессуалдык бузуулар менен түзүлгөнүн» маалымдайт:
• документтин кириш бөлүгүндө («баш жагында») «окуучулардын ата-энелер жамаатынан» деген жалпы, так эмес формулировка гана камтылган;
• текстте кайрылуунун конкреттүү катышуучуларынын анкеталык жана идентификациялык маалыматтары толугу менен жок (ата-энелердин толук аты-жөнү, каттоо жана жашаган даректери, байланыш үчүн телефон номерлери көрсөтүлгөн эмес);
• документте кол койгондор так кимдин кызыкчылыгын коргоп жаткандыгы көрсөтүлгөн эмес — укуктары бузулду делген окуучулардын маалыматтары (аты-жөнү, классы, бөлүмү) жок;
• конкреттүү адамдардын «ата-энелер жамаатынын» же белгилүү бир окуучулардын атынан чыгуу ыйгарым укуктарын ырастаган укук белгилөөчү документтерге (билим берүү жөнүндө келишимдер, ишеним каттар) шилтемелер жана алардын көчүрмөлөрү жок.

«Натыйжада, аталган Мыйзамдын 6 жана 9-беренелерине ылайык, жеке маалыматтарды, арыз ээлеринин жашаган дарегин, ошондой эле өкүлдөрдүн ыйгарым укуктарын ырастоочу документтерди камтыбаган кайрылуу анонимдүү (же белгиленген тартипти бузуу менен таризделген) деп таанылат, юридикалык күчкө ээ эмес, укуктук кесепеттерге алып келбейт жана кароого жатпайт», — деп айтылат документте.

Ошондой эле мекеменин администрациясы «кайрылууда баяндалган жүйөлөр жана мектептин дарегине айтылган айыптоолор курулай мүнөзгө ээ, чындыкка дал келбейт жана эч кандай далилдер менен ырасталган эмес» деп расмий билдирет.

«Жамааттык кайрылуу (доомат) тизмедеги айрым адамдардын фамилиялары чийилген абалда кайтарылууда. Бул нерсе алардын туура эмес маалымат алганы же балдардын расмий мыйзамдуу өкүлдөрү эмес экендиги тууралуу түшүндүрмөлөрү менен мектеп администрациясына жазган жазуу түрүндөгү кайрылуусунун негизинде гана жасалды», — деп баса белгиленет билдирмеде.

Белгилей кетсек, музыкалык мектептин администрациясы тарабынан жамааттык кайрылуу ата-энелерге кайтарылган, 24 фамилиянын 9у чийилип салынга

Анара Мамытова.

Scroll to Top