Кыргызстанда жарандык алуу жана андан ажыроо эрежелери өзгөртүлдүБыйыл Ысык-Ата районунда жалпы 34,5 чакырым жол асфальтталатТокмокто айдоочулук күбөлүк үчүн практикалык сынак өтүүчү жайдын дареги өзгөрдүБишкекте баңгизат таратууга шектелген студент кармалдыБишкектин бир бөлүгүндө 23-июнда ичүүчү суу убактылуу токтотулатБишкекте бокс кечеси өтөт: турнирдин башкы беттештери белгилүү болду
ИИМ: митинг учурунда массалык баш аламандыктарга жол берген 166 адам кармалды
03.03.2020 | 10:09
Садыр Жапаровду бошотуу талабы менен өткөн митинггине катышкан 166 адам массалык баш аламандыктарга жол берген үчүн ичкии иштери бөлүмдөрүнө жеткирилип, алардын 162си кайра коё берилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Митингден кийинки башалмандык Жазык кодексинин 264-беренеси (массалык баш аламандыктар) менен Кылмыштарды жана жоруктарды бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.
Аталган иштин алкагында 4 жаран камакка алынды. Мындан тышкары массалык баш аламандыкта 24 милиция кызматкери денелеринен ар кандай жаракаттарды алышты. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, ыкчам иликтөө иш-чаралары уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар