ИИМ: Сейитбек Атамбаевге таандык ири суммадагы акча табылды

ИИМ: Сейитбек Атамбаевге таандык ири суммадагы акча табылды

Ички иштер министрлиги мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейитбек Атамбаевге таандык ири суммадагы акча каражаты табылганын билдирди.

Маалыматка караганда, акчалар Сейитбек Атамбаевдин кайнатасынын үйүн тинтүү учрурунда табылган. Акча менен кошо адамдардын тизмеси жазылган барак да болгон.

Милиция 9-августка караган түнү Кой-Ташта болгон окуяларга байланыштуу соттун чечими менен Сейитбек Атамбаевдин кайнатасынын үйүн тинтүүгө алган.

Анда Атамбаевдин уулу калтырып кеткен баштык табылып, анын ичинен 170 миң сом акча, жашаган жери, телефон номерлери көрсөтүлгөн жарандардын тизмеси табылган. Мындан сырткары 2 миллион 225 миң сом жана 318 миң  долларга барабар болгон жалпы чыгымдар боюнча маалымат жазылган барактар чыккан.

ИИМ табылган акчалар маалык башаламандык уюштурууга төлөнгөн  акча каражаттар деп болжолдойт.

«Ббул каражаттар митингдин катышуучуларын жана башаламандыкты уюштуруучуларга төлөнгөн каражаттар. Бул тизме кылдат иликтенип, бул боюнча мыйзамдуу чечим чыгарылат”, — деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.

16-августта Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасы каралып жаткан учурда мурдагы президенттин жубайы Раиса Атамбаева күч органдары эч кандай документтерди көрсөтпөстөн эле кудаларынын үйүнө тинтүү жүргүзгөнүн айткан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>