КРга кузовдорду алып келүүгө тыюу салууну узартуу каралууда: 8 компанияга — импортко уруксатКыргыз опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева дүйнө салдыКыргызстанда банктык эмес каржы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борбору түзүлөтОрусия Кыргызстандагы чет элдик капитал катышкан биргелешкен ишканалардын саны боюнча лидерДушанбеде ШКУнун өкмөт башчылары жолугуп, кызматташууну өнүктүрүү маселелерин караштыЮстиция министрлиги Бекешевдин Конституциядагы 44 ката тууралуу билдирүүсүнө жооп берди
КР парламентинде автобус айдоочуларын майыптар арабасындагы адамдардын жанынан токтобой өтүп кетпөөгө чакырышты
09.09.2026 | 14:03

Жогорку Кеңештин депутаты Сеид Атамбаев муниципалдык транспорттун майыптыгы бар адамдар үчүн жеткиликтүүлүгү маселесин көтөрдү.
Парламенттин жыйынында ал Бектур Акибаевдин кайрылуусу тууралуу айтып берди. Ал социалдык тармактарда коомдук транспорттун айрым айдоочулары майыптыгы бар жүргүнчүлөрдүн коопсуз түшүп-минишин камсыздабай, аялдамаларда зарыл болгон учурда жардам көрсөтпөй жатканына нааразы болгон.
«Автобустардын айдоочулары менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, майыптар арабасында жүргөн адамдарды көргөндө токтобой өтүп кетпешин камсыздоо керек», — деди Сеид Атамбаев.
Депутаттын пикиринде, бул маселеге биринчи кезекте мэрия көңүл бурушу керек.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Жогорку Кенеш