ИИМдин беш кызматкеринин элесине арналып баннерлер орнотулду

ИИМдин беш кызматкеринин элесине арналып баннерлер орнотулду

Тажикстандын кол салуусунан улам чек арада курман болгон аскер кызматкерлери менен милиционердин жаркын элесине арналып Бишкек шаарында баннерлер орнотулду.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, баннерлер 24-сентябрда Бишкек шаарынын Малдыбаев-Ахунбаев, Тыналиев-Ахунбаев, Киев — Байтик Баатыр жана Чүй-Кулиев проспектилеринин кесилишине орнотулду.

Алар курман болгон Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин аскер кызматкерлери: улук сержант Каныбек уулу Дурустун, кенже сержант Манас Баатырбековдун, улук сержант Акылбек Ташбековдин, катардагы жоокер Айбек Абдилабековичтин жана Ички иштер министрлигинин Атайын багыттагы полкунун кызматкери, милициянын ага сержанты Мыктыбек Мурзажановдун жаркын элестерине арналып орнотулду.

“Ушул сыяктуу ар бир окуя эрдиктин  жана Аскердик антка берилгендиктин белгиси болуп эсептелет. Аскер кызматкерлери менен  милиция кызматкерлери Ата Мекенди коргоо өзгөчө милдет экенин тереңден түшүнүү менен бул куралдуу кол салууга каршы киришти. Анткени, алар үчүн эрдик деген жөн эле  сөз эмес, күнүмдүк реалдуулук. Аларды өлкөбүздүн ар бир жараны таанууга татыктуу”, — деп айтылат маалыматта.

Тажикстандын куралдуу кол салуусунун кесепетинен каза болгондордун жалпы саны 62 адамга жетти. Алардын көбү аскер кызматкерлери.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>