Төкмө акын Акматбек Султан уулу 1 млн сом байге утту (сүрөт)

Төкмө акын Акматбек Султан уулу 1 млн сом байге утту (сүрөт)

Төкмө акындардын «Айтыш төр» теледолбоорунун жыйынтыктоочу чыгарылышы өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Акындардын жарышынын жеңүүчүсү Акматбек Султан уулу болуп, ага 1 млн сом баш байге тапшырылды. Андан тышкары, 1-орунду алган төкмө акын Кубат Тукешовго 500 миң сом, 2-орунга татыган Арген Биймырза уулуна 350 миң сом жана 3-орунду ээлеген Чынгызхан Кожошовго 250 миң сом берилди.

Ал эми, жарыштын 2-айлампасына чейин жеткен сегиз акын 100 миң сомдон алды.

Белгилүү болгондой, теледолбоор президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен ишке ашкан. Теледолбоор Улуттук биринчи канал менен Кыргыз улуттук «Манас» театры тарабынан биргелешип уюштурулган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>