Лаостун президенти Тхонглун Сисулит КРдин Улуттук тарых музейине барды

03.09.2026 | 10:29
Лаостун президенти Тхонглун Сисулит КРдин Улуттук тарых музейине барды — Новости Кыргызстана

Лаос Элдик-Демократиялык Республикасынын президенти Тхонглун Сисулит Кыргызстандын Улуттук тарых музейине барып, анын туруктуу экспозициясы жана кыргыз элинин маданий мурасы менен таанышты. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.

Президентке музейдин коллекциялары жана тарыхый фонддун экспонаттары көрсөтүлүп, алардын кыргыз тарыхындагы окуяларды чагылдыруудагы мааниси тууралуу маалымат берилген. Тхонглун Сисулит тарыхый-маданий мурастар менен таанышып, музейлердин элдин тарыхын, маданиятын жана улуттук эс тутумун сактоодогу ролун белгилеген.

Лаостун президенти Тхонглун Сисулит КРдин Улуттук тарых музейине барды — иллюстрация

Иш-чаранын соңунда Лаос президенти Ардактуу коноктор китебине каалоо-тилектерин жазып калтырган. Ал өз кайрылуусунда жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, кыргыз жеринин тарыхый жана маданий мурасы менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн белгилеген.

Scroll to Top