Кыргызстан менен Корея интеллектуалдык менчик тармагында кызматташат

07.09.2026 | 15:28
Кыргызстан менен Корея интеллектуалдык менчик тармагында кызматташат — Новости Кыргызстана

Бүгүн, 7-сентябрда, Сеул шаарында Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Лира Сулайманова Кореянын Интеллектуалдык менчик институтунун (KIPI) президенти Бён Сам Канг менен жолугушту. Жолугушуу интеллектуалдык менчик тутумун өнүктүрүүгө багытталган кызматташтык программасынын алкагында өттү.

Илим министрлигинин маалыматында, тараптар интеллектуалдык менчик тутумунун абалын, аны санариптик трансформациялоо багыттарын жана кореялык тажрыйбаны колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашкан. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө төмөнкү маселелерге көңүл бурулган:

  • маалыматтык тутумдарды өнүктүрүү;
  • маалыматтарды башкаруу жана пайдалануу;
  • административдик процесстерди автоматташтыруу;
  • жасалма интеллектти колдонуу келечеги.

Лира Сулайманова Кыргызстан санариптик тейлөөлөрдү түзүү жана тутумдарды интеграциялоо боюнча Кореянын тажрыйбасын изилдөөгө кызыкдар экенин билдирген. Өз кезегинде KIPI жетекчилиги эксперттик жана техникалык кызматташтыктын багыттарын атаган.

Сапардын алкагында кыргыз делегациясы кореялык эксперттердин консультацияларына, семинарларга катышат жана инновациялык инфратүзүмдү изилдөө үчүн кореялык уюмдар менен компанияларга барат. Программа адистердин тажрыйба алмашуусун жана интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө санариптик технологияларды колдонууну изилдөөнү камтыйт.

Scroll to Top