ИИМдин Күзөт кызматында ыкчам кеңешме өттү

ИИМдин Күзөт кызматында ыкчам кеңешме өттү

ИИМдин Күзөт кызматында финансы-чарба жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча ишмердүүлүк талкууланды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка караганда, 12-майда финансы-чарба жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча  кызматкерлердин ишмердүүлүгүнүн сапатын жакшыртуу боюнча ыкчам кеңешме өткөн.

Ыкчам кеңешмеге ИИМдин Күзөт кызматынын башчысы Каныбек Абдырахманов, орун басарлары, борбордук аппараттын, башкармалыктардын жана бөлүмдөрдүн башчылары, ведомстволук милиция полкунун командири, Түштүк башкармалыгынын, Бишкек шаарынын түзүм бөлүмдөрүнүн башчылары жана Күзөт кызматынын финансы-чарба боюнча кызматкерлери катышкан. Анда ИИМдин түзүм бөлүмдөрүнүн финансы-чарба ишмердүүлүгү каралып, аны жакшыртуу боюнча маселелери талкууланган.

«Күзөт кызматынын башчысы Каныбек Абдырахманов бөлүмдөрдүн жетекчилигине мамлекеттик сатып алуулар боюнча адистердин билим деңгээлин жакшыртуу, окутууларды жүргүзүү жана санарип багытында иштөө боюнча Күзөт кызматынын Түштүк башкармалыгына, Ысык-Көл облусунун түзүм бөлүмдөрүнүн жетекчилигине тапшырмаларын койду.

Ошондой эле, ыкчам кеңешмеде коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө, мыйзам чегинде иш алып баруу, берилген тапшырмаларды өз убагында аткаруу боюнча талабы коюлду. Өз кезегинде түзүм бөлүмдөрүнүн финансы-чарба кызматкерлери аймактарда болуп жаткан көйгөйлөрүн айтып, аны чечүү жолдорун жетекчилик менен талкуулашты», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>