Бишкекте зер буюм уурдоого шектүү кармалды

Бишкекте зер буюм уурдоого шектүү кармалды

Кылмышка шектелип издөөдө жүргөн жаран ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 3-майда Бишкектин Свердлов райондук милициясына Я.С. аттуу шаар тургуну арыз менен кайрылган. Ал арызында билдиргендей, белгисиз адам борбор калаадагы зер буюмдарды саткан дүкөндөн 62 миң сомдук алтын жасалганы уурдап кеткен.

«12-майда ИИМдин Күзөт кызматынын ведомстволук милиция полкунун кызматкерлери Иманбек Акматов жана Дастан Мурат уулу Бишкектеги ири соода борборунун ичинде жайгашкан зер буюмдар сатылуучу дүкөндөн аталган кылмышка шектүү катары издөөгө алынган 62 жаштагы А.Ч. аттуу жаранды кармап, Свердлов райондук милициясынын тергөө кызматына өткөрүп берген», — деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>