«Мадина» базарынын айрым жерлеринде өрттү өчүрүү иштери уланууда

Бишкектеги «Мадина» базарынын айрым жерлеринде өрт-куткаруу бөлүктөрү өрттү өчүрүү жана суу чачуу иштерин улантууда. Базарда текстиль материалдары көп болгондуктан, өрт өчүрүүчүлөр жалындын коңшу соода катарларына жайылышына жол бербөө үчүн чараларды көрүп жатышат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Кырдаалга көз салуу үчүн куткаруучулар учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуп жатышат. Алардын жардамы менен өрт каптаган аймакка реалдуу убакыт режиминде абадан мониторинг жүргүзүлүүдө.
Дрондор өрттүн масштабын жана жайылган аянтын аныктоого, өрт чыккан очокторду табууга, ошондой эле чатырлардагы жана жетүүгө кыйын жерлердеги абалга баа берүүгө мүмкүндүк берет.
Алынган маалымат өрт-куткаруу бөлүктөрүнүн ишин координациялоо жана өрттү өчүрүү боюнча ыкчам чечимдерди кабыл алуу үчүн колдонулууда.
Окуя болгон жерде өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев жүрөт. Ал Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун кызматкерлери менен бирге абалга көз салууда.
Эске салсак, «Мадина» базарындагы өрт 30-августта эртең менен чыккан. Милициянын маалыматы боюнча, өрт тууралуу билдирүү «102» кызматына болжол менен саат 09:38де түшкөн. Алдын ала маалымат боюнча, өрттүн чыгышына электр зымдарынын кыска туташуусу себеп болушу мүмкүн. Өрттү өчүрүүгө 10 күжүрмөн эсеп жана ыкчам штаб тартылган. Окуя болгон жерде куткаруучулар, суу ташуучу унаалар жана тез жардам бригадалары да иштеп жатышат.