«iPhone алып бербесең, уят кылам». Ошто опузалоого шектүү аял кармалды

«iPhone алып бербесең, уят кылам». Ошто опузалоого шектүү аял кармалды

Ош шаарында эркек кишиден iPhone 14 Pro Max телефонун опузалоого шектүү аял кармалды. Бул тууралуу шаардык милиция кабарлады.

Милициянын маалыматы боюнча, белгисиз аял 25 жаштагы тургунду сүрөттөрүнө жагымсыз жана намысына шек келтирген сөздөрдү жазып, интернетке чыгарам деп курулай доомат коюп, телефон же акча талап кылган. Аял киши «iPhone 14 Pro Max алып бербесеӊ, интернетке чыгарып, туугандарыӊа уят кылам» деп опузалаган. Бул фактыга байланыштуу 25 жаштагы жигит милицияга кайрылган.

Маалым болгондой, 9-сентябрда аял киши 25 жаштагы жигиттен 60 миң сом акча алып жатканын жеринен кармалган. Шектүү коңшу мамлекеттин 25 жаштагы Ш.И. аттуу жараны болгон. Ал Ош шаарында убактылуу жашап жүргөн.

11-сентябрда ал Ош шаардык соту тарабынан 2 айга камакка алынган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалап талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>