Жогорку сот журналист Болот Темировго өкүм чыгарды

Жогорку сот журналист Болот Темировго өкүм чыгарды

Бүгүн, 12-сентябрда Жогорку сотто иликтөөчу журналист Болот Темировдун иши боюнча соттук отурум болуп, өкүм чыкты.

Сотто журналисттин жактоочулары Темировду актоону суранган. Ал эми прокурор мурдагы инстанциялардын өкүмүн өзгөртүүсүз калтыруу өтүнүчүн келтирген.

Соттук коллегия кеңешме бөлмөсүнөн келгенден кийин Темировго карата биринчи жана экинчи инстанциядагы соттордун өкүмү өзгөртүүсүз калтырылганын билдирген.

Эскерте кетсек, 2022-жылы 22-январда милиция атайын багыттагы кызматкерлердин коштоосунда Болот Темировдун кеңсесине барып, аны «баңгизатты мыйзамсыз даярдоого» шектеп кармап кеткен. Ошондой эле «баңгизат» ишине байланыштуу Темиров менен иштешкен төкмө акын Болот Назаров да кармалган. Бирок коомчулуктун сынынан кийин алар эч жакка кетпөө тилкаты менен кое берилген.

Кийинчерээк Темировго «чек араны мыйзамсыз кесип өтүү» жана «документтерди жасалмалоо» беренелери боюнча иштер ачылган.

Болот Темиров өзүнө козголгон кылмыш иштерин журналисттик ишине байланыштырып, сөз эркиндигине кысым катары баалап келет. Себеби ал жетектеген «Ютубдагы» Temirov LIVE каналы бийлик, анын ичинде УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин туугандарына байланыштуу иликтөөлөдү жасап келген. Темиров кармалар алдында, 20-январда Temirov LIVE’дын командасы «Эки күндө 37 млн сомду кантип тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдердин схемасы» аталышындагы иликтөөсүн чыгарган.

Кийин, 28-сентябрда Свердлов райондук соту Болот Темировду «баңгизатты мыйзамсыз даярдоо», «чек араны мыйзамсыз кесип өтүү» иштери боюнча актаган. Ал эми «документти жасалмалоо» иши боюнча Темиров жарым-жартылай күнөөлүү деп табылып, бирок иштин мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу ага жаза берилген эмес.

Андан соң 23-ноябрда Бишкек шаардык сотунда журналист Болот Темировдун иши боюнча апелляциялык арыз каралып, сот журналистти өлкөдөн чыгаруу чечимин чыгарган. Соттун өкүмү дароо аткарылып, Темиров ошол эле күнү кечинде Россияга депортацияланган.

Ошол эле учурда райондук соттун өкүмү өзгөртүүсүз калтырылган.

Президент Болот Темировдун өлкөдөн чыгарылганын ЖМК аркылуу билген

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>