Иркутсктун ооруканасында 49 жаштагы кыргызстандык каза болду

Иркутсктун ооруканасында 49 жаштагы кыргызстандык каза болду

Орусиянын Иркутск облусундагы ооруканада 49 жаштагы кыргызстандык каза болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат бөлүмү билдирди.

Маркум Бодайбо шаарына 17-майда «Артел Проспекторс Витим» ЖАК тоо кен ишканасына иштөө максатында келгени аныкталган.

Бир айдан кийин, 17-июнда ден соолугу кескин начарлап кеткендигине байланыштуу Перевоз айылындагы медициналык мекемеге жаткырылган. 22-июнда ал каза болгон.

Маркумдун сөөгү Бодайбо шаарынын өлүкканасына өткөрүлүп берилет. Ал жерде өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалат.

Кыргызстандын Иркутск шаарындагы элчилигинин кеңсеси маркумдун жакындары, ошондой эле «Artel Prospectors Vitim» ЖАК компаниясынын өкүлдөрү менен байланыш түздү. Азыр жакындарына жарандын сөөгүн мекенине жөнөтүүгө керектүү жардамдар берилип жатат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>