Ишкердин бетине уксус чачып, алтын буюмдарын уурдаган аял кармалды

Ишкердин бетине уксус чачып, алтын буюмдарын уурдаган аял кармалды

Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында 20 жаштагы жаран (аял киши) каракчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 10-декабрь күнү болжол менен саат 23:10да Кочкор-Ата шаардык ооруканасынын көз оорулар бөлүмүнөн райондук милициянын «102» номерине 51 жаштагы М.А. аттуу шаар тургуну белгисиз жаран көзүнө уксус чачып жибергенин билдирип, бейтапканага жаткырылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган.

«Текшерүү учурунда 10-декабрь күнү саат 16:30дар чамасында, Кочкор-Ата шаарынын борбордук баазарында жайгашкан күрөөканага 30-35 жаштагы медициналык беткап кийген аял киши келип, жабырлануучунун бетине уксус кислотасын чачып, ичинде жалпы суммасы 2 млн сомдук алтын сөйкө, чынжырча, шакек, браслеттер салынган сумкасын алып, качып кеткендиги аныкталган. Бул окуя боюнча жабырлануучу мыйзам чегинде чара көрүү үчүн арыз менен кайрылган», — деп айтылат маалыматта.

11-декабрда аталган окуя боюнча Кылмыш кодексинин 207-беренесине ылайык (Каракчылык) кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

«Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында бул кылмышка шектүү катары Ноокен районунун 20 жаштагы А.А. аттуу тургуну кармалган. А.А. күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, сумканы, анын ичиндеги далил-буюмдарды үйүнөн алып чыгып, өзүнүн ыктыяры менен тапшырып берген. Шектүүнүн колунда наристеси бар экендиги эске алынып үй камагында калтыруу боюнча баш коргоо чарасы тандалган», — деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>