Чүйдө милиционерлер зомбулукка каршы акция уюштурушту

Чүйдө милиционерлер зомбулукка каршы акция уюштурушту

Чүйдө милиция кызматкерлери зомбулукка каршы үндөгөн акцияны уюштурушту. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 25-ноябрынан 10-декабрына чейин өлкө аймагында ички иштер органдары тарабынан “Зомбулуксуз жашоо”  акциясы уюштурулду.  Буга утурлай Чүй районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен биргеликте үй-бүлөлүк зомбулукка, жашы жете электерге карата жасалган зомбулукка каршы үндөгөн бир катар иш-чараларды өткөрүштү.

Анын алкагында, милициянын демилгеси менен окуучулар “Зомбулуксуз жашоо” темасына арналган көргөзмөлөрдү уюштурушту.

Андан тышкары Чүй районунун Чүй айылынын Султан Ибраимов атындагы №2 орто мектебинде 8-декабрь күнү “Зомбулуксуз жашоо” аталышындагы масштабдуу акция уюштурулуп,  анда окуучулардын коопсуздугу Чүй РИИБдин кызматкерлери тарабынан камсыздалды.

Чүй районунун тартип сакчылары бул акциянын жүрүшүндө бардык мектептерди кыдырышып, окуучулар менен жолугушуп, зордук-зомбулук фактылары боюнча тез арада милицияга кайрылуу керектигин билдиришип, милиция ар дайым жардамга кол сунарын айтышты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>