«Бизди эч ким сындыра албайт» — Садыр Жапаров «Бишкек Аренанын» ачылышында«Бишкек Аренада» стадиондун ачылышына арналган масштабдуу концерт башталдыЖаңы Зеландияда дүйнөдөгү эң оор курт-кумурсканы жок болуп кетүүдөн сактап калышты2026-жылдагы медицина боюнча Нобель сыйлыгы оптогенетиканы жаратканы үчүн ыйгарылдыКыргызстандагы ар бир мектепке ИИМдин жетекчилик курамынан кызматкер бекитилдиКыргызстандын кайсы банкы эң көп насыя берген
Ишкерлерди сыздаткан “рекет” колго түштү
05.10.2021 | 11:01
2020-жылдын күз айында белгисиз адамдар товарларды ташуу жана жеткирүү менен алектенген ишкерге чалышып, коркутуу жолу менен акча каражатын талап кылышкан. Бир аз убакыт өткөндөн кийин ишкерге криминалдык чөйрөнүн өкүлү катары өзүн тааныштырган адам келип, акча каражатын жана толук товарын тартып алган. Ишкерге жалпы суммасы 420 миң сомдук материалдык чыгым келтирген.
Ысык-Ата районунда жашаган 1989-жылы туулган С.Б. Таластан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал мурда соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү.
Ишкерлерден кирешелеринин бир бөлүгүн дайыма берип турушун талап кылышкан. Учурда тергөө иштери жүрүүдө. Бул туурасында Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирүү таратты.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика