Искендер Матраимов #RЕакция митингине карата пикирин билдирди

Искендер Матраимов #RЕакция митингине карата пикирин билдирди

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов Бишкекте өткөн #RЕакция тынчтык митингине карата Фейсбуктагы баракчасы аркылуу өз пикирин билдирди.

Эл өкүлүнүнайтымда айрым күчтөр сөз эркиндигине берилген укуктарды пайдаланып, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркын тебелеп жатышат.

“Сабыр кылып, унчукпай келгенибизден пайдаланып биздин дарегибизге каалагандай көө сүйкөштү. Биздин үй-бүлөнүн артынан өчү бардай түшүп, бир жактуу маалыматтар менен чабуул жасашты. Бажы тармагындагы мыйзамдарды, иштөө тартип-эрежелерин тактабай туруп, өзү издөөдө жүргөн, алдамчылык менен кылмыш иши козголгон адамдын сөзүн маанилүү далил катары чыгарышты….Биздин дарегибизге жасалып жаткан каралоо чындыкка дал келбесин убагы келгенде, териштирүүлөр аяктаганда далилдеп беребиз”, — деп жазган ал.

[su_heading size=»20″ align=»left» margin=»30″] “Азаттык”, “OCCRP” жана “Kloop” порталы Кыргызстанга кирип-чыгып турган мыйзамсыз миллиондогон долларлар тууралуу бир нече иликтөө жарыялашты.

Иликтөөдө Райымбек Матраимовдун мыйзамсыз ташылган акчаларга тиешеси баяндалат. Аталган иликтөөдөн кийин  жарандык коом өкүлдөрү менен шаар тургундары жемкорлукка каршы эки жолу тынчтык митинггине чыгышты.[/su_heading]

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>