Испания Португалияны жеңип, ДЧ-2026нын 1/4 финалына чыкты

07.07.2026 | 10:06
Испания Португалияны жеңип, ДЧ-2026нын 1/4 финалына чыкты — Новости Кыргызстана

Испаниянын курама командасы Португалияны 1:0 эсебинде утуп, футбол боюнча 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын чейрек финалына жолдомо алды. Курч мүнөздө өткөн оюндун тагдырын Микель Меринонун 91-мүнөттө киргизген жалгыз голу чечти.

Бул жеңиш испан командасына турнирдин кийинки баскычына өтүүгө мүмкүндүк берди. 1/4 финалда Испания курамасы АКШ — Бельгия беттешинин жеңүүчүсү менен кездешет. Оюн 10-июлда Инглвуд шаарында (АКШ) өтөт, башталышы Бишкек убактысы боюнча саат 01:00гө (11-июлга караган түнү) пландалган.

Португалия курамасы үчүн турнир аяктады. Буга чейин португалдардын капитаны Криштиану Роналду улуттук курамадагы карьерасын аяктоо тууралуу суроолорго жооп берип жатып, коомчулуктун күтүүсүнө карабастан чечимди өз алдынча кабыл аларын жана азырынча оюнда калуу ниетинде экенин баса белгилеген.

Теги: спорт
Scroll to Top